super.kg logo
  Саясат  

Парламентте кызмат адамдарынын кирешелерин ачык-айкын кылууга багытталган мыйзам долбоору каралды

 

Жогорку Кеңештин 27-майдагы жыйынында саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу мыйзамдын долбоору каралды. Декларацияда жарандардын кирешелери менен кошо алардын чыгашалары жөнүндө маалымат берүү талабы камтылган.

Талкууда депутат Данияр Тербишалиев кызмат адамдарынын аялы же күйөөсү жакын туугандарынын катарына кирбей турганын белгилеп, аларды мыйзамда өзүнчө белгилөө сунушун киргизди. Депутат Дастан Бекешев жарандар декларацияны бир эле учурда Салык кызматына да, Кадр кызматына да бербей, Салык кызматына гана тапшыруу жетиштүү экенин айтты.

Талкуудан соң депутаттар мыйзам долбоорун 2-окууда добуш берүүгө жиберишти. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: