super.kg logo

Мектеп окуучуларын куткаруучулукка үйрөтүү максатында атайын мелдеш өткөрүлдү

 

21-23-май аралыгында КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядында жаш куткаруучулардын мектептер аралык “Зарница” деп аталган мелдеши өткөрүлдү.

Аталган министрликтен кабарлашкандай, мелдеш жаш муундагы куткаруучуларды өзгөчө кырдаалдардан коргонуу эрежелерин жана адам өмүрүн сактап калган ардактуу кесип – куткаруучулукка үйрөтүү максатында уюштурулду. Ага Ош шаарындагы Курманжан датка атындагы орто мектебинен 10 окуучу, Т.Сатылганов атындагы орто мектептен 10 окуучу, М.В.Ломоносов атындагы орто мектептен 10 окуучу катышты.

26-май күнү болсо мектеп окуучуларынын командаларынын арасында өзгөчө кырдаалдарда жана экстремалдуу учурларда өздөрүн туура алып жүрүү эрежелеринин так аткарылышы боюнча мелдеш өткөрүлдү. Алдынкы орундарды ээлеген окуучуларга грамота жана дипломдор тапшырылды.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: