super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Орловка шаарында алтын иштеткен Кытай компаниясынын цианид төгүү үчүн курган дамбасы талапка жооп бербейт

 

Чүй облусундагы Орловка шаарында алтын иштеткен Кытай компаниясынын цианид төгүү үчүн курган дамбасы талапка жооп бербейт. Бул тууралуу окурман 27-май күнү WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, дамба туура эмес жайга курулган.

“Дамба туура эмес жайга курулган. Андан сырткары дамбанын четтери цементтелбегендиктен, таштар кулап түшүп жатат. Жерге төшөлгөн плёнканын астына цемент куюп чыгуу керек эле. Цемент куюлбагандыктан, плёнкага таштар кулап түшүп, аны айрып салууда. Бул дамбага цианид төгүлөт, ошондуктан туура жана сапаттуу салуу керек эле. Көз боёмочулук кылып, айрым жерлерин цементтеп коюшкан. Мындан башка жайга да дамба курулган, бирок ал жай да ушундай абалда. Цианид төгүлчү дамба ушундай болуп жатса, эртең мунун зыяны Кемин районуна тиет”,- деди окурман.   

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Орловка шаарындагы кытайлар иштетип жаткан алтын кендин дамбасы

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
27.05.2015. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Дамбанын да "Китайский" болгону го...
Медиа-портал
27.05.2015. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сат сат деп бекерге боздобосо керек жанагы байке.
27.05.2015. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атангору бул Отто зыянду затта . Келечекте кыйын болот бизге
28.05.2015. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соттош керек буларды. эртенкине ойлошпойну булар?. Арзан акчага жазап, калганын сол чолтоко салышты да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: