super.kg logo

LG`ден WebOS 2.0 платформасы - оңой орнотуу, жеңил кошулуу

 

LG Electronics компаниясы Smart TV "акылдуу" сыналгыларын чыгарууда алдынкы орунду ээлейт.

Азыркы тапта белгилүү компаниянын адистери мындай сыналгыга жаңы LG webOS 2.0 операциондук систем орнотушту. Мындай жаңылык эми сыналгыны башкарууну кадыресе жеңилдетип, ар бир колдонуучуга аны жеткиликтүү кылуу шартын түзөт.

Дүйнө жүзү боюнча бул сыналгыларды колдонгондор жаңы интерфейсти эң ийгиликтүү деп табышты. Жаңыланган WebOS 2.0 платформасын колдонуу өтө жөнөкөй, себеби буга чейин көнүмүш болуп калган сервистердин тиркемелери эми түз сызыктуу иконкаларга алмаштырылды. Бул өзгөрүүлөр сыналгынын бетинде аз орун ээлейт жана интерфейсти жеңилдетет. Андан сырткары сыналгыга кошулуучу жабдууларды кошуу жолдору да жеңилдетилген.  

WebOS 2.0 базасындагы Smart TV`ны алгачкы күйгүзүүдө сыналгынын дисплейинде атайын жардамчы пайда болот, ал - анимациялык "BeanBird" аттуу каарман. Аталган каарман сизге толук маалымат берип, базага кошуулуу жолдорун кеңири айтып берет. "Мои каналы" жаңы тиркемеси сиз каалаган контентти издөөнү жана санариптик көрсөтүүнү жеңилдетет. Алгач "+" белгисин таап, сүйүктүү каналдарды кошуп, андан соң аны сактап коёcуз. Аны жүктөө убактысы 60 пайызга кыскартылды.

WebOS 2.0 базасындагы сыналгы ага жаңы кошулган жабдууларды дароо тааныйт жана экранга ал тууралуу белги берилет. “Пуск” менюсу экрандын ылдыйкы бөлүгүндө жайгашкан. Анын жардамы менен сыналгынын каналдары, ошондой эле Smart платформасынын контентине же башка файлдарга өтүү жолу да жеңилдетилген, мурункудай башкы менюга чыгуунун зарылдыгы жок.   

"Акылдуу" сыналгылардагы LG webOS 2.0 платформасы дүйнөлүк "Red Dot Awards-2014" сыйлыгынын "Коммуникациондук дизайн" номинациясынын ээси. Учурда акыркы үлгүдөгү сыналгылардын баары LG webOS 2.0 платформасы менен камсыздалган. Мисалы, 42LB720V, 55LB720V жана 47LB720V моделиндеги SMART TV CINEMA 3D сыналгылары.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.05.2015. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канча сом болду экен бизге качан жетет болду экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: