super.kg logo
  Саясат  

Данияр Тербишалиев "өлкөдө тыңчылар бейөкмөт уюмдар эмес, чиновниктер" деди

 

Жогорку Кеңештин 27-майдагы жыйынында депутат Данияр Тербишалиев бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнө чек коюуга багытталган мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирип чыкты. Депутат эл аралык уюмдар Жогорку Кеңешке бир нече каржылык жардамдарды беришкенин белгилеп өттү. 

"Парламентте биз колдонуп жаткан микрофондорду, компьютерлерди эл аралык уюмдар жардам катары беришкен. Ак үйдөгү мечитти да эл аралык уюмдар салып беришкен. Мамлекеттин күчү жетпегендигинен эл аралык уюмдар бизге ушундай жардам көрсөтүп келишет. Мыйзам долбоорлорун даярдоодо эл аралык уюмдардын серепчилеринин жардамын сурап кайрылып келебиз. Эми болсо ушундай терс мамиле кылып жатабыз. Чындыгында, азыркы күндө экономиканы ушундай абалга алып келген, мамлекеттик карызды 3,5 миллиард долларга жеткирген чиновниктер. Өлкөгө тыңчы болуп жаткан бейөкмөт уюмдар эмес, чиновниктер. Ушул чиновниктер менен иш алып барыш керек",- деди Тербишалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: