super.kg logo
  Саясат  

Жаза өтөө жайларынын комплексин куруу долбоору талкууланды

 

27-майда өкмөт башчы Темир Сариев жаза өтөө жайларынын комплексин куруу долбоору менен таанышты. Долбоорду Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын жетекчилиги алып чыкты. Анын башкы максаты чыгымдарды кыскартуу жана жаза аткаруу системин өркүндөтүү болуп саналат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, долбоорду ишке ашыруу 28,5 миллион долларды түзүп, комплекс 4000 жаза өтөөчүгө эсептелген.

Өкмөт башчы долбоор менен таанышып, аны ишке ашыруу үчүн тыкыр иликтенип чыгышы керектигин белгиледи. ”Жаза өтөө жайларынын комплексин куруу идеясы жакшы, бирок анын бардык тобокелчиликтери жана артыкчылыктары эсептелип чыгышы керек. Ошондой эле долбоорду ишке ашырууда эл аралык тажрыйбаны дагы эске алуу зарыл”,- деди Темир Сариев.

Сариев вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевге бардык күч орган жетекчилери менен биргеликте долбоорду деталдуу түрдө изилдеп чыгууну тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: