super.kg logo

Май айынын башынан бери Баткен облусунда 3 кыз өз өмүрүнө кол салды

 
Май айынын башынан бери Баткен облусунда 3 кыз өз өмүрүнө кол салды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 27-майда Баткен ОИИБинин коомдук коопсуздук бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ага инспектору Алтынбек Эрдикулов билдирди. Анын айтымында, бул 3 кыздын өз өмүрүн кыюуга барганына олуттуу себеп жок. 

"Жыл башынан бери мындай өңүттөгү жалпы 5 факты катталса, анын 3 фактысы май айында болду. 3-май күнү Кадамжай районундагы айылдардын биринин жашоочусу, 10-класста окуган кыз асынып өлүп алды. Анын өлүмүнө олуттуу эч кандай себеп болгон эмес, үйүндөгүлөр менен деле жакшы мамиледе болгон. Ал эми 5-май күнү аталган райондо 1997-жылы туулган кыз өз өмүрүнө кол салып, асынып алган. Себеби белгисиз. Бирок өткөн жылы мектепти аяктап, апасы менен Орусияга иштегени кетип, кайра апрель айында кыргыз жерине кайтып келген экен. Мүмкүн, үй-бүлөлүк себептен улам ушул жолго баргандыр. Ошондой эле 21-майда Лейлек районунда жашаган 9-класстын окуучусу мал сарайында асынып турган жеринен табылды. Ата-энеси кызынын мындай жолго барганына таң калып, бирок эч кандай себеп жок болгонун айтышууда",- деди Эрдикулов.

Ага инспектор учурда облуста мектеп окуучуларына мындай жолго барбоого чакырган атайын түшүндүрүү аракеттери көрүлүп жатканын кошумчалады. 







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
27.05.2015. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы жаштар женил ойлуу ата-энелер урушса да адам болсун деп урушат аны тушунушпойт. олгондун оз шору дегендей бир кулу ачыла электе жашоонун жыргалын корбой кете беришти.
27.05.2015. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул озунчо бир ооруу болуп эсептелет менимче.
27.05.2015. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Улуулардан укканым боюнча бул оору экен. Кулагына кандайдыр бир шыбыр угулуп, асын, бол эми, эртелет ж.б.у.с. сөздөрдү айтып, артынан ээрчип алат имиш.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: