super.kg logo

Орусияда өткөн Дельфи оюндарында байге алган таланттуулар министрлик тарабынан сыйланышты

 

1-6-май аралыгында Орусиянын Орёл шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин Дельфи оюндары өткөн. Анда кыргыз мамлекетинин желеги астында катышкан өнөрпоздор түрдүү багыттардагы сынак жана фестивалдарда 7 медаль багынтышкан. Бүгүн, 27-майда аталган оюндарда ийгилик жараткан чыгармачыл топторду жана медаль ээлерин сыйлоо аземи болуп өттү.

Сыйлоо аземи башталганга чейин КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов көргөзмөгө коюлган буюмдар, сүрөттөр менен таанышып чыкты. Бул жердеги эмгектер Дельфи оюндарында көргөзмөгө коюлган. 

Уюштуруучулар 10-ирет өтүп жаткан Дельфи оюндары Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү үчүн ийгиликтүү болгонун айтышты. Ошондой эле катышуучулар каражатты өз эсебинен сарпташкан. Өз кезегинде министр мырза мындай деңгээлдеги ири сынактарга барчу жаштарды министрлик колдоого алып, кем дегенде коротулчу каражаттын жарымын моюнга аларын билдирди. Андан соң чакан концерттик программа орун алып, байге ээлери жана чыгармачыл топтордун жетекчилери министрликтин грамоталары менен сыйланышты. 

Кошумчалай кетсек, Дельфи оюндары түрдүү сынак жана фестивалдардан туруп, анда көргөзмө жана искусствонун түрдүү тармактарында эмгектер көрсөтүлөт. Бул жолку сынакта кыргыз мамлекетинин өкүлдөрү 1 алтын, 1 күмүш, 5 коло тагынышты. 

Ийгиликке жетишкендердин тизмеси:  

Алтын медаль: “Кийим дизайны” номинациясы (Марина Клюг)  

Күмүш медаль: “Элдик бий” номинациясы (“Шаттык” хореографиялык ансамбли)

Коло медалдар:

- “Заманбап бий” номинациясы. "Адис" вокал-хореографиялык ансамбли  

- “Эстрадалык аткаруу” номинациясы. Болотбек кызы Акмөөр

- “Ди-джей” номинациясы. Юнус Давуров 

- “Цирк” номинациясы. Чынара Мадимкулова 

- “Элдик көркөм кол өнөрчүлүк” номинациясы. Жумахун кызы Азиза






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: