Талас. Таластык соодагерлер казак чек арасындагы бажы төлөмдөрүнө нааразы






18-февралда Казакстандын Жамбыл шаарына барып-келип соода кылышкан таластык соодагерлер казак тараптан коюлган бажы төлөмдөрүнө нааразычылык билдирип чыгышты. Алар “эгерде биз бул коюлган салыктын баарын төлөп бере турган болсок, эмгегибиз акталбай калат” деп айтышууда. Соодагерлер акыркы жылдары айтылып келген "Айшабүбү-Чоң-Капка" соода борборун казак-кыргыз чек арасына куруп берүүсүн же ал жердеги "Кербен" соода борборун дыйкандар соода кылууга ылайыкташтырып, заманбап талапка жооп бере турган соода жайына айландыруусун өкмөттөн өтүнүштү. Белгилей кетсек, Казакстан Бажы биримдигине киргенден баштап бажы төлөмдөрүн жогорулатышкан. Ал эми таластык соодагерлер буга чейин ар кандай жолдор менен чек арадан өтүп, соода кылып келишкен.
Автор: Нургүл Чабдарова
Фото: Нургүл Чабдарова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

