super.kg logo
  Саясат  

Депутат Салымбеков дарыгерлерди ардак баракчалары менен сыйлоо керектигин айтты

 

Жогорку Кеңештин 28-майдагы жыйынында депутат Мамытбай Салымбеков медициналык кызматкерлерге сыйлык берүү керектигин айтып чыкты. Анын айтымында, мамлекет тарабынан дарыгерлерди сыйлоого көңүл бурулбай жатат. 

"Жакында ак халатчан дарыгерлердин майрамы белгиленет. Аларга тыйын берип жыргатпайбыз. Айрым медицина кызматкерлери күнү-түнү иштеп, өз жандарын багып жатышат. Алар Гиппократтын антын аткарышууда. Ак халатчандарды моралдык жактан колдоо катары Ардак грамоталар менен сыйлап койсок. Тилекке каршы, буга мораторий жарыяланган экен, бирок мындай жакшы иштерге салынбаш керек",- деди депутат.

Айта кетсек, Кыргыз Республикасында Медицина кызматкерлеринин күнү жыл сайын июль айынын биринчи жекшемби күнү белгиленет. Быйыл бул күн 5-июлга туш келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: