super.kg logo
  Саясат  

Президент чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады

 
Бүгүн, 28-майда президент, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы кол башчысы Алмазбек Атамбаев чек арачыларды кесиптик майрамы куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Анда мындай деп айтылган:

“Урматтуу чек арачы жоокерлер!

Кымбаттуу ардагерлер!

Сиздерди Чек арачылар күнү жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 16 жылдыгы менен куттуктайм!

Бул майрамда биз кыйынчылыктарга жана оор шарттарга карабай мекенибиз - кыргыз мамлекетинин эгемендигин жана көз карандысыздыгын коргогондорго сый-урмат көрсөтөбүз.

Сиздердин кызматка ар дайым кесипкөйлүк талаптар гана эмес, руханий жана адеп-ахлактык жогорку талаптар дагы коюлуп келген. Учурда кесиптик даярдык, мекенчилдик, кайраттуулук жана милдетине берилгендик Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматын калыптандыруунун негизин түзөт.

Мезгилдин өктөм талабы интеграциялык бирикменин – Евразиялык экономикалык биримдиги тышкы чек араларынын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган милдеттерди алдыга коюуда. Сиздер жаңы милдеттерди абийирдүүлүк жана ар-намыс менен аткарасыздар деп ишенем.

Быйыл биз Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгын белгиледик. Бул ыйык майрам  баскынчыларга биринчи болуп каршы турган чек арачылардын каармандыгынын, баатырдыгынын жана майтарылбас эркинин символу болуп калды. Алардын эрдиги азыркы муундагы чек арачылар үчүн  кайраттуулуктун жана жоокердик милдетине чындап берилгендиктин бийик үлгүсү.

Урматтуу чек арачылар жана ардагерлер!

Майрамыңыздар менен дагы бир ирет куттуктайм! Баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана кыргыз өлкөсүнүн жаркын келечеги үчүн жооптуу жана сыймыктуу кызматта жаңы ийгиликтерди каалайм".

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: