super.kg logo

Бишкекте Чек арачылардын күнүнө жана Мамлекеттик чек ара кызматынын 16 жылдыгына арналган салтанаттуу азем болуп өттү

 

Бүгүн, 28-майда Бишкек шаарындагы "Чек арачылар даңкы" гүлбагында Чек арачылар күнүнө жана Мамлекеттик чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 16 жылдыгына арналган салтанаттуу азем болуп өттү. Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жана Чек ара ведомствосунун жетекчилиги, ардагерлер аскер милдетин аткарууда каза тапкан чек ара сакчыларынын урматына тургузулган эстеликке гүлчамбар коюшту.

Аземдин жүрүшүндө Абдырахман Маматалиев чек ара мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бекемдигин коргоп, бийик тоолуу тозоттордо татаал шарттарда күнү-түнү талыкпай кызматта тургандыктарын белгилеп өттү.

Кесиптик майрамдын урматына 9 чек арачы мамлекеттик сыйлыкка арзып, 103 аскер кызматкери мекемелик медаль, төш белги жана грамоталар менен сыйланышты.  

Иш-чарага Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын чек ара бөлүмүнүн кызматкерлери жана Казакстандын кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинен келген аскер кызматкерлеринин тобу да катышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: