Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча Раатбек Санатбаевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш өтөт

4-5-июнь күндөрү Бишкекте 2 жолку Азия чемпиону Раатбек Санатбаевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш орун алат. Уюштуруучулар кабарлашкандай, грек-рим күрөшү боюнча мелдеш Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтөт жана анда 8 салмак категориясы боюнча чемпиондор аныкталат.
Бул мелдеш АКШда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна карата курамды бекемдөө максатында уюшулууда. Анда кыргыз балбандарынан тышкары Түштүк Корея, Иран, Түркия, Орусия жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү күч сынашат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.