super.kg logo
  Саясат  

Кубат Оторбаев: "Ташиев боюнча КТРКдан берилген маалымат так эмес болсо, эл алдында кечирим суроого даярмын"

 

Бүгүн, 21-февралда депутаттар Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов боюнча өтүп жаткан сот ишинде Коомдук телерадио корпорациясынын башкы директору Кубат Оторбаев кошумча күбө катары суралды. Анда Камчыбек Ташиевдин «Эмне үчүн КТРКдан бүт өлкөгө "Ташиев менен Бакиевдин байланышы болгон, телефон аркылуу алар менен сүйлөшкөн" деген маалымат кетти, аны сиз кайдан алдыңыз?» деген суроосуна Кубат Оторбаев «Ал жерде сизди Бакиевдер менен байланышы бар деп так айтылган эмес, кабарчылар ал маалыматты интернет булактарынан алышыптыр, ал эми жаңылыктардан берилген ал материалды штаттан сырткары иштеген кабарчы Мирлан Мамытов даярдаган»,- деп жооп берди. Ташиев бул жаңылык түздөн-түз бийликтин буйругу болгондугун айтты. Депутаттар ошол так эмес маалыматты төгүнгө чыгарып теледен кечирим суроону Оторбаевден талап кылды. КТРКнын башкы директору бул кабарды териштирип, эгер катачылык кеткен болсо, коомчулуктун алдында кечирим суроого даяр экенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: