Милиция эс тутумун жоготкон карыянын аты-жөнүн тактоого жардамдашууну суранат

Милиция эс тутумун жоготкон карыянын аты-жөнүн тактоого жардамдашууну суранат. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 22-майдан 23-майга караган түнү "Аламүдүн" базарынан медициналык жардамга муктаж улгайган адам табылып, "Тез жардам" аркылуу шаардагы ооруканалардын бирине жеткирилген.
Анын айтымында, Бишкекке өлкөнүн түштүк аймагынан келген. Кубаныч аттуу баласы бар.
Бирок карыя өзүнүн аты-жөнүн жана "Аламүдүн" базарына кандайча келип калганын эстей албайт.
Бул адам тууралуу кандайдыр бир маалыматы барлар 0554 10-22-61 номуруна чалышса болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

баласы издебей не кылып журот.
Карыган аксакал экен эс тутуму
кайдан болот.Азыр кары эмес
жаштарын деле склерос болуп
атышпайбы.