super.kg logo

Ош. Шаар бийлигинин өкүлдөрү мектеп рэкетчилиги боюнча талкуу өткөрүп жатышат

 

Бүгүн, 28-майда Ош мэриясынан кабарлашкандай, шаарда жалпы коллегиялык жыйын өтүүдө. Ага калаанын биринчи вице-мэри Замир Аскаров, вице-мэрлер Кутманаалы Абдрахман уулу жана Жапарбек Ормонов, шаардык кеңештин төрагасы Улан Примов, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда.

Коллегияда мектеп окуучуларынын арасындагы рэкетчиликке бөгөт коюу жана кылмыштуулукка каршы профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү маселеси каралды.

Ош шаарынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн адиси Кутман Камчиев билдиргендей, 2014-жылы кылмыш жасаган жашы жете элек 80 баланын арасынан 33ү орто мектептин окуучулары экендиги аныкталган.

“2015-жылдын 4 айында кылмышка барган жашы жете элек 19 өспүрүм аныкталып, алардын ичинен 9у орто мектептин окуучулары экендиги аныкталган. Жашы жете электер арасындагы эң көп кылмыштардын катарына уурулук, тоноочулук, бейбаштык, алдамчылык, опузалап талап-тоноо, автоунааны укукка жат түрдө ээлеп алуу фактылары кирет. Бул көрүнүштөр билим берүү кызматкерлери гана эмес, ата-энелердин жана коомчулуктун балдардын тарбиясына кайдыгер мамилесинен кабар берет. Укук бузууларга барган көпчүлүк балдар ар тараптан камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары болуп жаткандыгы өкүндүрөт. Дагы бир көрсөткүч: ата-энелердин чет өлкөгө жумуш менен кетип, балдарды кароосуз калтыргандыгы да балдардын психологиялык калыптануусуна терс таасирин тийгизүүдө”,- деди Камчиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: