super.kg logo

Нарын облусунун экспорттук мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга арналган бизнес-форум өткөрүлдү

 

Бүгүн, 28-майда Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айылында "Логистикалык борбор - Нарын облусунун экспорттук мүмкүнчүлүгүн жогорулатуунун куралы” аттуу бизнес-форум болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти. 

Анын билдиришинче, бизнес-форумга өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Экономика министрлигинин түндүк аймак аралык башкармалыгынын, элчиликтердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Форумдун жүрүшүндө “Алыскы аймактардын экономикалык өнүгүүсү, агрардык сектордогу өндүрүштү кеңейтүү жана сатууну көбөйтүү куралы”, “Кочкор районунун экономикалык мүмкүнчүлүктөрү” жана башка темаларга арналган инвесторлор арасында талкуу жүрдү.

Кочкор району климаттык шарты ыңгайлуу жана агрардык тармакта алгылыктуу мүмкүнчүлүктөрү бар регион болуп эсептелет. Облустагы райондордун ичинен салыштырмалуу картошка өндүрөт. Бул жерге жемишти сактоо жана кайра иштетүү үчүн атайын ишкана же борборлор курулган эмес. Андыктан логистикалык борбор куруу агрардык сектордогу өндүрүштү кеңейтүү жана сатууну көбөйтүүгө   мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле облустан тышкары аймактарга сапаттуу айыл чарба азыктарын жеткирип, камсыздоого шарт пайда болот”,- делет маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: