Ош. Окуучу кылмышка барса, мектеп администрациясы да жооп берери дагы бир ирет айтылды
Ош шаарында бүгүн, 28-майда жалпы коллегиялык жыйын өтүүдө. Анда окуучулар арасындагы кылмыштуулукту, рэкетчиликти азайтуу боюнча ойлор айтылууда.
Жыйындын жүрүшүндө Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өкүлү калаадагы мектеп окуучуларын кошкондо жалпы 94 536 өспүрүм бар экенин билдирди. 2014-жылы 154 өспүрүм профилактикалык каттоодо турган болсо, 2015-жылдын башында бул көрсөткүч 141ди түзгөн.
Биринчи вице-мэр Замир Аскаров баланы тарбиялоо орчундуу жана бүгүнкү күндүн көйгөйлүү маселеси экенин белгилеп, ар бир шаар тургунун буга кайдыгер карабоого чакырды.
“Жакында чыккан өкмөттүн буйругуна ылайык, өспүрүм кылмыш ишине аралашып калса, бул үчүн окуучунун ата-энеси эле эмес, мектеп администрациясы да жоопко тартылат. Себеби баланын негизги тарбиясы мектептен калыптанып жатат. Бирок өспүрүмдөрдү тарбиялоо - ар бирибиздин, жалпы коомдун милдети”,- деди З.Аскаров.

