super.kg logo

Жумушсуздарга жумуш таап берүү үчүн бош орундар жарманкеси өттү

 

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы 27-майда Бишкек эркин экономикалык аймагы менен биргеликте жумушсуздар жана кесиптик лицейдин бүтүрүүчүлөрү үчүн бош орундар жарманкесин өткөрдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлады. 

Бишкек ЭЭАнын көргөзмө залында жумушсуздар жана кесиптик лицейдин бүтүрүүчүлөрү үчүн 28 мекемеден 200 бош орун сунушталды. Сунушталган бош орундардын көпчүлүгү жеңил өнөр жайга тиешелүү. Бул себептен жарманкеге кесиптик лицейлердин жана Кыргыз-Түрк кыздар лицейинин бүтүрүүчүлөрү чакырылды.

Бишкек ЭЭАнын башкы директору Орозбек Нусувалиев Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги менен мекемеде бош орундарга жумушсуздарды орноштуруу боюнча кызматташарын билдирди. Аталган ЭЭАнын бош орундарынан тышкары бардык каалоочуларга Бишкек шаары боюнча 3000ден ашык бош орун сунушталды.

Ошондой эле министрлик жарандарга чет өлкөлөрдө: Түштүк Кореяда, Бириккен Араб Эмираттарында жана Орусияда жумуш табуу боюнча маалымат берди.

Жарманкеге 500дөй адам катышты. Анын ичинен 160ы кесиптик лицейдин бүтүрүүчүлөрү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: