super.kg logo
  Саясат  

Инвестиция тартуунун шарттарын жөнөкөйлөштүрүү жөнүндөгү демилге добуш берүүгө жиберилди

 

28-майда Жогорку Кеңеште депутаттар тобу тарабынан өлкө экономикасына инвестиция тартуу шарттарын жакшыртуу жана жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү максатында иштелип чыккан мыйзамдын долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Демилгечи депутат Замир Бекбоевдин айтымында, мыйзам мындан үч жыл мурда кабыл алынганына карабастан, ал ушул кезге чейин иштебей келет. "Мыйзам талаптарына ылайык, эгер инвестор мамлекетке бир долбоор боюнча чогуу иштешүү сунушу менен кайрылса, ал долбоорго тендер жарыяланышы керек. Демилге көтөргөн жеке компания тендерде жеңип чыгышы күмөн. Ошондон улам инвесторлор кайрылбай жатышат. Биз мындай шартты алып салдык",- дейт ал.

Андан сырткары эгер мамлекет өз демилгеси менен кандайдыр бир инвестициялык долбоого тендер жарыяласа, 60 күндүн аралыгында жыйынтыгын чыгарып, тендердин жеңүүчүсүнө так жообун бериши керек. Эгер тендердин жеңүүчүсүнүн нааразычылыгы болсо, ал сот аркылуу чечилет.

Талкуу жүрүшүндө Экономика министрлиги мыйзам долбооруна карата каршы пикирин билдирди. Ал эми депутаттар мыйзам долбоорун колдоп, анда камтылган механизмдер ири долбоорлор боюнча жарыяланган тендерлердин жүрүшүн кыйла ыкчамдата турганын белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: