super.kg logo

Ош шаарында баңгизатка көз каранды 1,5 миңге жакын адам каттоодо турат

 

Ош шаарынын жалпы коллегиялык жыйыны болуп, анда Кыргыз Республикасынын баңгизатка каршы программасын аткаруу боюнча маселе каралды. Жыйынга Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Аскаров шаардык кеңештин төрагасы Улан Примов, калаадагы мекеме-ишкана жетекчилери, шаар тургундары катышты.

Ош облустук наркологиялык борборунун директору Айгүл Садиеванын маалыматы боюнча, аталган борбордо Ош шаары боюнча 2014-жылы баңгизатка көз каранды болгон 1463 адам каттоого турган.

“Ийне аркылуу баңгизатты колдонуучулардын саны 1302, анын ичинен аялдардын саны 84тү түзгөн. Ал эми 2015-жылдын биринчи кварталында баңгизатка көз каранды болгон 9 бейтап каттоого алынган жана жалпысынан баңгизатка болгон көз карандылык менен 1472 оорулуу катталган. Өкүнүчтүүсү, алардын дээрлик жарымы 20 жаштан 35 жашка чейинкилер”,- деди Садиева.

Башкы наркологдун айтымында, өткөн жылы өспүрүмдөр жана жаштар арасында уулуу заттарды жыттоо, баңгизаттарды чегүү жана ийне аркылуу колдонгондорду табуу максатында жашыруун анкета жүргүзүлгөн. Анда 10 миңге жакын өспүрүмдүн ичинен 115и же 27 пайызы "тобокел" тайпасына каттоого алынган жана өз убагында медико-психологиялык жардам көрсөтүлүп, жашыруун кайрылган өспүрүмдөрдүн ичинен уулуу заттарды жыттоо жолу менен колдонгон 3 өспүрүм диспансердик каттоого турган.

Биринчи вице-мэр акыркы кездерде өспүрүмдөр арасында баңгизаттарды колдонгондор көбөйүп жаткандыгына тынчсыздануусун билдирди:

“Буга чейин өспүрүмдөр арасында клей жыттоо деген бар болсо, азыр "Спайс" дегени пайда болуптур. Биз маани бербегенибиз менен, булардын түбү эртең ийне менен баңгизаттарды сайынууга алып барат. Ошондуктан мугалимдер, ата-эне, ар бирибиз биргеликте чогуу иш алып барышыбыз керек. Наркологиялык борбордун кызматкерлери да качан гана наркотикалык заттарга көз каранды болгондо карабастан, алдын алуу иштерин алып барышсын”.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
28.05.2015. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
сайынса сайынып өлсүнчү! Ош шаарында балдарды коргоо уюмдары жок! болгон эмес болчу алар да бейокмот уюмдар
28.05.2015. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунтип элди чогултуп айтып койгон менен эле азайып же жок болуп кетпейт. Жоопкерчиликти моюнга алып кызматка отургандан кийин иштеш керек.
29.05.2015. 05:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бангизат колдонгондор учун коркунучтуу мыйзам чыгаруу керек алар оспурум балдардын тагдырын талкалап жаштардын келечегин бузуп жатат эн окунучтуусу ага карата мыйзамдын алсыздыгы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: