Чүй. Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу пара берип жаткан жеринен кармалды
Чүй облусундагы Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган кызматкердин 2007-жылдан бери ар кандай мамлекеттик кызматтарда жасалма диплом менен иштеп келгени белгилүү болгон. Мындан улам ал ишти жабыш үчүн УКМКнын кызматкерине пара сунуштаган. Бул боюнча ыкчам аракеттер көрүлүп, Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Н.М. 20 миң сом берип жаткан жеринен кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
medina.

28.05.2015. 16:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болгондо да убактылуу)))убагында дипломду жакшы алыш керек эле да
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.