Темир Сариев КМШнын өкмөт башчыларынын жыйынына катышуу үчүн Астана шаарына жөнөп кетти
Өкмөт башчы Темир Сариев бүгүн, 28-майда Евразия өкмөт аралык кеңешинин жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жыйынына катышуу үчүн Казакстандын Астана шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Сапар алкагында Сариев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана Казакстан, Беларусь, Тажикстан жана Армениянын премьер-министрлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Темир Сариев буга чейин кеңештин жыйынында кыргыз мамлекетинин жарандарын "кара тизмеден" чыгаруу маселеси караларын билдирип келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

