Дүйнөлүк банк энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн 24 миллион доллар бөлө турган болду
Дүйнөлүк банк кыргыз мамлекетинин энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн 24 миллион доллар бөлөт. Буга байланышкан макулдашуу мыйзам долбоорун бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңеш кабыл алды.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Анын 10,8 миллион доллары гранттык каражат, ал эми 13,2 миллион доллары жеңилдетилген насыя болуп саналат. Насыя 38 жылдык мөөнөткө берилет, алгачкы 6 жылы – жеңилдетилген мөөнөт. Насыя 0,75 пайыздык үстөгү менен бирилүүдө.
Каражат алдын ала алынып, 2014-2015-жылдагы күз-кыш мезгилинде калкты электр кубаты жана жылуулук менен камсыз кылууга жумшалганы белгилүү болду. Азыр ошол келишимди ратификациялоо милдети турат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

