Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районунда интимдик кызмат көрсөткөн жашыруун жайдын эки администратору соттолду

Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районунда интимдик кызмат көрсөткөн жашыруун жайдын эки администратору соттолду. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, соттун чечимине ылайык, эки администратор 261-берене (сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү) боюнча күнөөлүү деп табылып, 50 миң сомдон айып пул салынган.
Эске сала кетсек, жыл башында милиция кызматкерлери тарабынан Чыгыш-5 кичи районундагы “Prado” спорттук-көңүл ачуучу клубунда 2 сауна көмүскө иштегени аныкталып, ал жакта иштеген 8 кыз жана 2 администратор кармалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Провокация жаратуучу пикирлерди калтырууга тыюу салынат! Эскертүү!