Ош. Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр каналына чөгүп кеткен 10 жаштагы баланы издөө уланууда
Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр каналына чөгүп кеткен 10 жаштагы баланы издөө уланууда. Бул тууралуу 29-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Маалым болгондой, Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл аймагындагы Таш-Арык айылынын тургуну, 2005-жылы туулган Бактынур Раимов 27-май күнү түштөн кийин кой кайтарып жүрүп Отуз-Адыр каналына белгисиз себептер менен түшүп кеткен. ӨКМнын Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 10 куткаруучу 28-май күнү таңкы саат 05:40тан баштап издөө ишин жүргүзүп, бирок баланы тапкан эмес. Издөө аракеттери бүгүн да жүргүзүлмөкчү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.