super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш ыкчам кабыл алууну талап кылган эл аралык келишимдердин күчүнө киришин тездетүүгө багытталган мыйзам кабыл алды

 

Эл аралык келишимдерди түзүп, аларды парламент аркылуу ратификациялоонун жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган “Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам кабыл алынды. Мындай чечим Жогорку Кеңештин 28-майдагы жыйынында кабыл алынды.

Өкмөттүн берген маалыматына караганда, 2014-жылдын май айында күчүнө кирген “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” мыйзамда ашыкча татаалдашкан жол-жоболор камтылып, эл аралык келишимдердин ыкчам күчүнө киришине жолтоо болгондуктан, аларды жөнөкөйлөштүрүү зарылчылыгы келип чыккан. Ага ылайык, долбоорлор каржылана турган айрым гранттык каражаттар менен жеңилдетилген насыялардын кечигип калган учурлары бар. Ошондон улам нота же кат алмашуу аркылуу түзүлгөн эл аралык келишимдерди ратификациялоосуз эле күчүнө киргизүү тартиби сунуш кылынган. Андан сырткары мыйзамда Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерге кошулушу жөнүндө грамотаны депонирлөөнү жөнгө салуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн жолу камтылды.

Жаңыдан кабыл алынган бул мыйзам президент тарабынан кол коюлгандан кийин күчүнө кирүүгө тийиш.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: