super.kg logo

Бишкек мэриясы мыйзамсыз салынган турак жайларды бузууну улантууда

 

Бишкек мэриясынын Жеке турак жай куруу департаменти Ак-Босого конушунун Чүй көчөсү-№21 жана
№47-дарегинин жашоочулары тиешелүү уруксат документтерисиз муниципалдык жердин эсебинен жер тилкесин кеңейтип алышканын аныкташты. Бул тууралуу 29-майда мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. 

Үйдүн ээси туурасы 3 метр, узундугу 50 метр өлчөмүндө кыштан дубал куруп алган. Аталган үйдүн ээси Акмат Саматовго бузуу жөнүндө эскертүү берилди. Департамент тарабынан берилген эскертүүнүн негизинде дубал алынды. 

Ошондой эле Жолдошбек Сатылбалдиев аттуу жарандын Чүй көчөсү-№21, 51-үйүнүн түндүк тарабынан туурасы 3 метр, узундугу 25 метр өлчөмүндө дубалын узартып алганы аныкталды. Азыркы учурда департамент тарабынан берилген эскертүүлөр жана протоколдун негизинде Биринчи Май райондук соту Сатыбалдиевге 10 миң сом өлчөмүндөгү айып салып, жер тилкесин баштапкы абалга келтирүү боюнча эскертүү берди.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: