Бишкекте өгөй атасы тарабынан сабалган 2 жаштагы бала ооруканага жаткырылды
Бишкекте өгөй атасы тарабынан сабалган 2 жаштагы бала ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Бишкек шаардык "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 28-майдан 29-майга караган түнү "Тез жардамга" чакыруу келип түшкөн. Анда 2 жаштагы баланын катуу сабалганы тууралуу айтылган. Окуя болгон жерге дарыгерлер барышып, баланы №3-балдар ооруканасына жеткиришкен.
Алдын ала маалымат боюнча, баланы өгөй атасы сабаган.
Бул факты боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы маалымат бере элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

сынсын.Наристеге да ушундай
мамиле жасайбы.чон эле киши.