super.kg logo
  Саясат  

Казакстанда КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйыны өтүп жатат

 
Бүгүн, 29-майда Казакстандын Акмоло облусунун Бурабай аймагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жыйыны өтүп жатат. Отурумга Кыргыз Республикасы, Казакстан, Беларусь, Тажикстан жана Армениянын премьер-министрлери катышууда. Ошондой эле жыйында Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев бар. Жыйында күн тартибине киргизилген бир катар интеграциялык өнүгүү боюнча долбоорлор талкууланат. Соңунда премьер-министрлер чечимдерге кол коюшмакчы. Андан кийин Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны улантылат. Анда Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөр ортосундагы кызматташуу каралат. Ошондой эле кыргыз мамлекетинин жарандарын "кара тизмеден" чыгаруу маселеси каралмакчы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: