super.kg logo

Бишкекте эс тутумун жоготкон карыянын баласы табылды

 

Бишкекте эс тутумун жоготкон карыянын баласы табылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-майдан 23-майга караган түнү "Аламүдүн" базарынан медициналык жардамга муктаж улгайган адам табылып, "Тез жардам" аркылуу шаардагы ооруканалардын бирине жеткирилген.

Бирок карыя өзүнүн аты-жөнүн жана "Аламүдүн" базарына кандайча келип калганын эстей алган эмес. Мындан улам анын аты-жөнүн тактоо үчүн милиция коомчулуктан жардамдашууну суранган. Анын негизинде социалдык тармактар аркылуу тараган кабарды туугандары көрүп, баласына кабарлашкан.

Белгилүү болгондой, карыя баласы менен Сокулук районунда бирге турчу. 18-май күнү үйүнөн чыгып, кайра кайтып келген эмес. Ал эми райондук милиция издөө иштерин жүргүзүп жаткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
29.05.2015. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бирге жашаса кантип ошончо кундон бери тынчсызданбай отурду....мумкун уйунон кууп чыккандыр...билгени учун унчукпай жургондур.
29.05.2015. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baba.,жакынын уйунон чыгып кетип жоголсо, элдердин кууп чыгып салса керек дегени сага жагабы? Жакшы жагын ойлосок.
29.05.2015. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Табылганы жакшы болуптур.
29.05.2015. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жазат деген ушул экен деп эле ар кимдин куноосун которбой,маалыматты аягына чейин окуп анан жазсанар?Кууп чыккандыр,кантип билбесин дейсинер?Маалыматтын аягында жазылып турат:"Белгилүү болгондой, карыя баласы менен Сокулук районунда бирге турчу. 18-май күнү үйүнөн чыгып, кайра кайтып келген эмес. Ал эми райондук милиция издөө иштерин жүргүзүп жаткан" деп...Таппай жаткан экен,анан баласына туугандары социалдык тармактар аркылуу тараган кабарды айтышкан!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: