Казакстанда кыргыз-тажик чек арасын тактоо маселеси талкууланды
Өкмөт башчы Темир Сариев 29-майда Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзада менен жолугушту. Жолугушуу Евразия өкмөт аралык кеңешинин жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жыйынынын алкагында өттү.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Тараптар кыргыз-тажик чек арасын тактоо маселесин талкуулашканын өкмөттүк аппараттан билдиришти. Сариев эки тараптуу чек араларды тактоо аракеттерин токтотпой жүргүзүү зарыл экенин белгиледи. Ошондой эле отун-энергетика жана экономикалык кызматташууну өнүктүрүү аракеттерин ортого салышты.
Айта кетсек, учурда Казакстандын Акмоло облусунун Бурабай аймагында КМШга мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жыйыны өтүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

