super.kg logo

Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы мектептерде Акыркы коңгуроо салтанаттары өтүүдө (фото)

 
Бишкектеги №2-орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү
Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева Чүй облусунун Ленин айылындагы В.И.Ленин атындагы орто мектептин Акыркы коңгуроо иш-чарасына катышты.
Чүй облусунун Ленин айылындагы В.И.Ленин атындагы орто мектептин Акыркы коңгуроо салтанаты
Чүй облусунун Ленин айылындагы В.И.Ленин атындагы орто мектептин бүтүрүүчүлөрү

Бүгүн, 29-майда өлкөдөгү бардык мектептерде акыркы коңгуроо жаңырууда. Салтанаттуу иш-чараларга бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери, жакындары келишсе, айрым окуу жайларда салтанаттар жогорку кызматтардагы адамдардын катышуусунда өттү.

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева Чүй облусунун Ленин айылындагы В.И.Ленин атындагы орто мектептин Акыркы коңгуроо иш-чарасына катышты. Куттуктоо сөзүндө министр мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн келечектеги иштерине ийгилик каалап, мугалимдерге жана ата-энелерге ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле социалдык блок боюнча вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылынын Б.Бейшеналиева атындагы мектептеги салтанатка катышты. Өз сөзүндө ал мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кайрылып, алардын ойлорун ишке ашырууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин баса белгиледи. "Жакында университетке сүйгөн кесибиңер боюнча тапшырасыңар. Келечекте дарыгер, куруучу, экономист же педагог болосуңарбы, бул анча маанилүү эмес. Силердин келечегиңер өзүңөрдүн колуңарда. Жашоодо эң негизгиси - талыкпай эмгектенүү жана ар дайым максаттарга жетүү. Ар бириңер өзүңөр каалаган окуу жайга тапшырып, жогорку деңгээлдеги адис болуп чыгарыңарга ишенемин",- деп кайрылды бүтүрүүчүлөргө Ниязалиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.05.2015. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар. Ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: