Ош шаарындагы мектептерде Акыркы коңгуроо майрамы белгиленип жатат


















29-май күнү Ош шаарындагы бардык мектептерде окуу жылынын аякташына арналган Акыркы коңгуроо аземи өткөрүлдү. Бул күнкү салтанаттын алкагында шаар мэри Айтмамат Кадырбаев Ош шаарынын Курманжан датка орто мектебинин бүтүрүүчүлөрүн Акыркы коңгуроо майрамы менен куттуктады.
Мэриядан кабарлашкандай, ага Билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү, жалпы мектеп окуучулары, мугалимдер жана ата-энелер катышты.
“Бул күн баарыбыз үчүн маанилүү, улуу күндөрдүн бири. Мектептеги окуучулук күндөр көз ирмемдей бат эле өтүп кетет. Бактылуу балалыктын кучагында мектеп партасынан билим алган күндөрүбүз дал бүгүнкүдөй эсибизде. Билим уясынан учуп жаткан бүгүнкү бүтүрүүчүлөргө ак жол, кең келечек каалайм. Келечекте билим алууңарды улантып, Ата Мекендин жүгүн көтөрүшкөн, патриот, мыкты инсандардан болушуңарга тилектешмин”,- деди А.Кадырбаев куттуктоо сөзүндө.
Салтанаттуу иш-чарада окуучулар тарабынан концерттик программа тартууланып, акыркы коңгуроо кагылды. Ошондой эле калаа башчысы А.Кадырбаев мектептин алдынкы окуучуларына жана мугалимдерине грамота, ыраазычылык кат тапшырды.
Кошумчалай кетсек, быйыл Ош шаары боюнча 11-классты 2661, 9-классты 4559 окуучу бүтүрүп жатат.









1 |