Жалал-Абад. Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү
Бүгүн, 29-майда Жалал-Абад шаарындагы "Наристе" №31-балдар бакчасында 1-Июнь - Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, анда тарбияланып жаткан наристелер ата-энелерине ыр-бийлерин тартуулашты. Ошондой эле бөбөктөргө кубаныч тартуулап, Куурчак театрынын таланттары жомок каармандарынын кейпин кийип, оюндарды көрсөтүштү. Жалал-Абад шаарында балдарга арналган мындай иш-чара 1-июнь күнү да уюштурулат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:33
2026-02-21
14:08
2026-02-21
12:54
2026-02-21
12:49
2026-02-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















