super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев: "Мамлекеттик чек араны ишенимдүү коргоого жөндөмдүү экендигибизди далилдедик"

 
"Биз өлкөнүн аскердик коопсуздугун өз алдыбызча камсыз кылууга жана мамлекеттик чек араны ишенимдүү коргоого жөндөмдүү экендигибизди далилдедик". Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариевдин 29-майда Куралдуу күчтөрүнүн күнү менен куттуктаган текстинде айтылганын өкмөттөн билдиришти. 
Куттуктоонун тексти: 

“Жолдош жоокерлер жана сержанттар, старшиналар жана прапорщиктер, офицерлер жана генералдар!

1992-жылдын 29-майында мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүнүн фундаменталдуу негизи катары КРнын Куралдуу күчтөрүн түзүү башталган. Ушул тарыхый күндөн тартып Кыргыз Республикасы өзүнүн Куралдуу күчтөрүнө ээ болгон. Азыркы кезде жыл сайын 29-май Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн күнү катары белгиленет.

Куралдуу күчтөрдү түзүүнүн негизги максаты заманбап куралдар, аскердик техника менен жабдылган, мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн жана эгемендигин коргоону натыйжалуу камсыз кылууга бийик тоолуу шарттарда аскердик аракеттерди жүргүзүү үчүн жөндөмдүү болгон, материалдык каражаттар менен камсыздалган компакттуу жана мобилдүү аскердик түзүлүштөрдү түзүү болуп эсептелет.

Өзүнүн өнүгүүсүнүн көптөгөн этаптарын басып өтүү менен республиканын Куралдуу күчтөрү бүгүнкү күндө республиканын эгемендигинин жана өлкө элинин эң ишенимдүү гаранты болуп калды. 1999-2000-жылдарда республиканын түштүгүндө болгон аскердик аракеттердин жүрүшүндө биздин жоокерлер жана офицерлер көрсөтүшкөн баатырдык, эрдик жана туруктуулук буга ишенимдүү далил болуп калды. Биз өлкөнүн аскердик коопсуздугун өз алдыбызча камсыз кылууга жана мамлекеттик чек араны ишенимдүү коргоого жөндөмдүү экендигибизди далилдедик.

Бүгүн биз тынчтыкты жана өлкөнүн бакубаттыгын сактоочу жоокерлердин, каарман аталарыбыздын татыктуу мураскерлеринин майрамын белгилеп жатабыз. Силер – Ата Мекендин ишенимдүү коргоочусу, Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүнүн жана эгемендигинин гарантысыңар. Силердин эмгегиңерге, бийик кесипкөйлүгүңөргө, эң мыкты аскердик чеберчилигиңерге ыраазычылык билдирем!

Силерди Куралдуу күчтөрүнүн күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Силерге, силердин туугандарыңарга жана жакындарыңарга тынчтык жана бейпилдик, туруктуулук жана бакубаттык, кайраттуулук жана оптимизм, аскердик кызматыңарда жана Ата Мекен үчүн жасап жаткан ишиңерде ийгиликтердин мол болушун каалайм!"






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: