super.kg logo

Өмүрбек Текебаев: "Бизде калкты арзан турак жай менен камсыз кылуунун бирдиктүү саясаты жок"

 

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев: "Бизде калкты арзан турак жай менен камсыз кылуунун бирдиктүү саясаты жок",- деп билдирди "Ата Мекен" парламенттик фракциясынын 29-майда өткөн жыйынында. Отурумда "Кырыз Республикасындагы арзан турак жай" мамлекеттик программасы жөнүндө маселе каралды.

"Жогорку Кеңеш өткөн жылы өкмөткө эки айлык мөөнөттө калкты арзан турак жай менен камсыз кылуу программасын иштеп чыгуу тапшырмасын берген. Биз ошол багыттагы иштин жүрүшү тууралуу билгибиз келет. Мурда мындай программа жок болчу. Акыркы маалыматтарга караганда, ушу тапта 300 миңден ашуун турак жайга муктаж үй-бүлө бар. Турак жай куруу үчүн жер тилкелери алдын ала плансыз эле баш аламан берилүүдө. Алар инфратүзүмдөр менен камсыз кылынбай келет",- деди Ө.Текебаев.

Ал мамлекеттик программа үчүн 5 жылдык мөөнөт аздык кыларын, ага 20 жыл талап кылына турганын белгиледи. "Мамлекет турак жайдын жарандарга жетимдүү болушу үчүн курулуш компанияларына колдоо көрсөтүүсү зарыл. Курулуштун жүрүшүндө паралардын алынышына жол бербөө керек. Андай жосун турак жай баасына терс таасирин тийгизет",- деп кошумчалады Ө.Текебаев.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
31.05.2015. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура айтыптыр!!Биз да уй алсак болот эле..квартиралап журобуз 2 балам менен(((
31.05.2015. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба туура айтат, курулуш фирмалары дыгы иштетип иштетип акчасын толук бербей алдап кетишип жататко ошентип атышса ким иштегиси келсин, айлык акыны жакшы беришсе ечак еле онукмокпуз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: