super.kg logo

"Ата Мекен" фракциясы Ош шаарынын коомдук транспортун жакшыртуу долбоору боюнча макулдашууну жактырды

 

Ош шаарынын мэриясынын өтүнүчү менен "Ата Мекен" фракциясы 29-майдагы жыйынында Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош шаарынын коомдук транспортун жакшыртуу долбоору" боюнча гранттык жана кредиттик макулдашуулардын долбоорлору жөнүндөгү маселени карап, аны жактыруу тууралуу чечим кабыл алды.

Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы "Ош шаарынын коомдук транспортун жакшыртуу долбоорун" 9,6 миллион евро суммада ишке ашырууга макулдук берип, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын түзүүчүлөрүнүн атайын фондуна 5,7 миллион евро насыя түрүндө, 3,1 миллион евро грант түрүндө каражат бөлүп бермекчи. Ошондой эле корпоративдик өнүктүрүү, долбоорду ишке ашыруу, коомдук транспортту жөнгө салууга көмөк көрсөтүү максатында 0,8 миллион евро өлчөмүндөгү техникалык кызматташуу грантын каржылык жардам катары берет.

Бул долбоордун максаты троллейбустарды жана автобустарды сатып алууга, троллейбустук инфраструктураны жакшыртууга, жолдо жүрүү билеттерин сатууну жана Ош шаарындагы коомдук транспорттук кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууну эсепке алуунун автоматташтырылган жаңы тутумун киргизүүгө багытталат.

"Ата Мекен" фракциясы бул маселени колдоо боюнча Жогорку Кеңештин төрагасына жана фракциялардын лидерлерине кайрылуу чечимин да кабыл алды.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
29.05.2015. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аа жакшы жанынын иши жаныда,кытайдын автобустарынан тузук болчу эле эвропаныкы
31.05.2015. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куда кааласа европанын автобустарында журуп калат экенбиз
31.05.2015. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
европаны сапатуу,сымбаттуу автобустары сатып алса ото жакшы иш.
31.05.2015. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул айтілгандар чіндап иш жузуно ашса сонун болмок. "Кыргызчылык" болуп кетип чет элдик акчаларды эзербектер эзип кетип, кайра эле кыйчылдаган маршруткаларда, шалдыраган тралликтерде кычырап журбосок болду. Акыркы жолу жол акыны кымбаттатып жатышканда шаардык депутаттар бир жума Оштун теле каналдарынан мактанып, безилдешкен:
"Маршруткалардын графигин козомолдоп, тазалыгын карап, талапка жооп бербегендерди линиядан чыгарабыз, кечки тогузга чейин жургузобуз"-дешип кайра кайра айтышкан. Жо
31.05.2015. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жургузобуз"-дешип кайра кайра айтышкан. Жол акы кымбаттады бирок, кызмат корсотуу ошол эле шалдыркан маршруткалар ошол эле бойдон калды, кааласа ишке чыгат, кааласа чыкпайт, кышындасы кечки тогуз эмес жетиге жетпей эле токтошот, эшек жайлоо мурда кандай болсо ошол бойдон жыргап жашап жатабыз го чиркин......
:)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: