1-июнда Бишкектеги циркте 1500 бала үчүн атайын шоу көрсөтүлөт

Бишкекте 1-Июнь - Балдарды коргоо күнү Кыргыз мамлекеттик циркинин манежинде өзгөчө шоу-программа менен белгиленет. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Белгилүү болгондой, жергиликтүү цирк өнөрпоздору өз таланттарын балдар үчүн тартуулашат. Алардын маанайын көтөрүү үчүн шоу-программанын алкагында акробатика, жонглирование, фокус жана башка цирктин жанрлары көрсөтүлөт. Бул майрамга атайын Чүй облусунан 1500 бала чакырылган, алардын ичинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 350 бала катышат.
“1-Июнь - кичинекей балдар үчүн эң кубанычтуу майрамдардын бири. Балдарыбызга кандай камкордук көрсөк, өлкөбүздүн келечеги ошого байланыштуу болот. Балдар дени сак өсүп, жан дүйнөсүнүн ар тараптуу өнүгүшү үчүн бардык шарттарды түзүп беришибиз керек”,- делет маалыматта.

