ЭЛДИК КАБАР: Ошто тыюу салынганына карабай мектеп бүтүрүүчүлөрү жол тандабас унаалар менен шаар кыдырышты






Ош шаарындагы Жапалак айылынын мектеп бүтүрүүчүлөрү шаарды жол тандабас унаалар менен кыдырышты. Бул тууралуу окурман 29-май күнү WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. Окурман: "Бул күнү бүтүрүүчүлөргө унаалар менен чыгууга жана чыгашага барууга тыюу салынган. Бирок жол тандабас унаалары менен чыккандар милиция өкүлдөрүнүн оозун майлап коюшканбы? Көзөмөл кылуу керек эле. Башка айылдарда да ушундай көрүнүш кайталанды",- дейт.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:30
2025-08-13

12:45
2025-07-14

9:23
2025-07-03
18:30
2025-05-20

Рейтинг:
-1

Коомдук этикага туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат.
Закон дегенди чыгарып эле койбой катуу көзөмөлгө да алыш керек болчу.Салсын эми штрафты ар биринин ата-энесине,директорго,класс жетекчиге,жана ошондой эле жергиликтүү укук коргоо органдары менен жол кайгуул кызматтагыларга!
Горантия! Кийинки жылы кайталанбайт мындай көрүнүш.Ушундай нерсеге короткон акча ата-энесинин чөнтөгүндө калат!
Биздин балдар (3-4бала) үйүнөн мектепке чейин машина менен келе калып, мектепдин алдынан стадионго чыгар алдында алып кетип камап койгон 2-3саат отуруп, акыркы коңгуроо бүтүп биз класста отурганда келишти "аттиң"дешти бирок кеч болуп калдыда!
Бүтүрүүчүлөр үчүн эң кызыгы бул стадионго классташтары жетелешип менен чыгуу эмесби!
Айрыкча "Жол тандабас" менен "Не дорожник" :))))))))
Жакшы тема болуптур
Жол тандабастын иниси)))