super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев кыргыз мамлекетинин ЕАЭБге кошулуусу жөнүндө келишимди ратификациялоону Армения тараптан тездетүүнү өтүндү

 

29-майда премьер-министр Темир Сариев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчылар кеңешинин жана Евразия өкмөт аралык кеңешинин жыйынына катышуу алкагында Армения Республикасынын Премьер-министри Овик Абраамян менен жолугушту.

Өкмөттүн маалымат кызматы жолугушууда Сариев Кыргыз Республикасы Армения Республикасы менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө маани бере турганын айтканын билдирди. Сариев ошондой эле эки мамлекет ортосундагы товар жүгүртүүнүн төмөнкү деңгээлин эске алуу менен соода-экономикалык мамилелерди активдештирүү максатында эки тараптуу баарлашууну улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Сариев Овик Абраамянга кыргыз мамлекетинин ЕАЭБге кошулуусу жөнүндө келишимди ратификациялоо процессин Армения тараптын тездетүүсүн өтүнүп кайрылды.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: