Коомчулукта Женго аты менен белгилүү Кадырбек Досоновдун иши сотко жиберилди

Коомчулукта Женго аты менен белгилүү Кадырбек Досоновдун иши боюнча тергөө аяктап, сотко жиберилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы 30-майда билдирди.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Досонов “кылмышка шериктеш болуу”, “адам өлтүрүү”, “укук коргоо органынын кызматкерин жана аскер кызматкерин өлтүрүү” беренелери боюнча айыпталып жатат. Тактап айтканда, "Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын Оштогу бөлүгүнүн башчысы Толкунбек Шоноевди 2013-жылы өлтүрүүгө буйрук берген" деп шектелүүдө.
Айта кетсек, буга чейин "Шоноевдин өлүмүнө катышкан" деген айып тагылып, К.Сайдиев, А.Аскарбек уулу жана Т.Жапарбаев өмүр бою эркинен ажыратылган. Ошондой эле У.Молдошев кармалып, 20 жылга кесилсе, С.Айтбай уулу, Н.Таджибаев жана Э.Эсенов 10 жылга кесилишкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
baba.

30.05.2015. 20:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурда жогорку окуу жайда мугалим болуп иштеген эмеспи бул ДОСОНОВ.же бир тууганы иштегенби ким билет.
asiankg

01.06.2015. 01:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baba., жок иштеген эмес менин кошунам болот
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.