super.kg logo

Ат-Башы районунда жеңил унаа оодарылып, ичиндеги жүргүнчүлөр жеңил жаракат алышты

 

Ат-Башы районунда жеңил унаа оодарылып, ичиндеги жүргүнчүлөр жеңил жаракат алышты. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 31-май күнү саат 20:25 чамасында Ат-Башы - Кында унаа жолунун 13-чакырымында болгон. Анда Ауди 100 унаасы жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Анын кесепетинен унаанын ичиндеги Арстанбек кызы Гүлнур (1993), Абсамат кызы Жаркынай (1993), Айгерим Жеңишбекова (1990), Турарбек Жалгасынов (1984) жана Каныкей Эсенбаева (2011) жеңил жаракат алышып, аймактык ооруканага жеткирилишкен. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: