super.kg logo
  Саясат  

Аскар Салымбеков: "Бүгүнкү коом анча-мынча ийгиликтерге ыраазы болбой, жаңы нерселерди каалап жатат"

 

Бүгүн, 21-февралда Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде белгилүү коомдук ишмер Аскар Салымбеков жетектеген “Прогрессивдүү демилгелер фондунун” “Кыргызстандын идеялык картасы” аттуу стратегиялык долбоорунун бет ачары болду. Бул долбоордун максаты - жоопкерчиликтүү жарандарды бириктирүү, үлгүлүү элитаны түзүү жана өлкөнүн идеялык тирегин куруу.

"Бүгүн жарандык коом өнүгүүгө карай чоң өзгөрүүлөрдү эңсеп, анча-мынча ийгиликтерге ыраазы болбой, жаңыча нерселердин ишке ашуусун каалап жатат. Өзгөчө жаштар арасынан ординардуу эмес ойлор чыгып жатат. Ошондой эле жарандык коомдун дагы бир күчтүү тарабы 20 жылдык эгемен тарыхта жашоо үчүн күрөштө жалгыз калып, мамлекеттин камкордугу жок. Өз жанын өзү багуу жөндөмүн жана өзүнө-өзү ишенүү мүнөзүн калыптандырды. Бүгүнкү жарандык коом менен болуп, көрбөгөндөй ийгиликтерди багындырууга болот",- деди Аскар Салымбеков.  

Аталган аземге Жеңишбек Назаралиев, Акылбек Жапаров сыяктуу белгилүү инсандар, эксперттер, адистер, илимпоздор, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышып, долбоорду талкууга алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: