Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Жол-кайгуул кызматы балдар үйүнө жардам көрсөттү





Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата ИИМдин Жол-кайгуул кызматы балдар үйүнө жардам көрсөттү. Бул тууралуу 1-июнда мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, инспекторлор Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылында жайгашкан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнө барышкан. Жол-кайгуул кызматкерлери майрам ээлерине белектерин жана азык-түлүк тапшырышты. Мындай кайрымдуулук акциялары аталган кызмат тарабынан бир нече жолу уюштурулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.