Өлкөдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө 48 миңден ашуун бала жашайт
Өлкөдө жалпысынан 2 миллион 148 миң бойго жете элек бала бар. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда “Балдарга карата зордук-зомбулук менен күрөшүү” темасына арналган тегерек столдун жүрүшүндө Акыйкатчы институтунун балдардын жана жаштардын укуктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Альберт Колопов билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Анын айтымында, 1 миллион 27 123 бала жалпы билим берүү мекемелеринде окуйт. "Булардын 22 672си ата-энесиз жашайт, 27 311и жарым жетим, 48 403 бала аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө жашайт. Балдарга карата зомбулук фактыларын изилдөөнүн жыйынтыгында өлкөдө бул маселе катаал мүнөзгө өткөнү аныкталды. Жумушсуздук ата-энелерди балдарды үйдө калтырып, чет өлкөгө кетүүгө мажбур кылууда. Мындан улам балдар алыс туугандары же интернаттык мекемелерде калып, зордук-зомбулукка кабылууда",- деди Колопов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.