super.kg logo
  Саясат  

Эртең Бишкекте Борбор Азиядагы миграция маселелерине арналган эл аралык конференция өтөт

 

Эртең, 2-июнда Бишкекте "Борбор Азиядагы миграция маселелери" аттуу эл аралык конференция өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, иш-чарада аймактагы миграциянын көйгөйлүү маселелери, КМШ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн миграция жаатындагы, анын ичинде эмгек мигранттарынын, качкындардын, жарандыгы жок адамдардын укуктарын коргоо, киши сатуу менен күрөшүү жаатындагы улуттук мыйзам жоболорун укуктук жактан колдонуу, шайкеш келтирүү жана өркүндөтүү боюнча эл аралык байланыштарды жана кызматташтыкты жандандыруу маселелери талкууланат. Конференциянын катышуучулары ошондой эле экстремизмге, терроризмге, коррупцияга, наркобизнеске, эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жаатындагы кызматташтыктын келечеги туурасында пикир алышат.

Иш-чара Жогорку Кеңеш жана Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясы тарабынан уюштурулууда. Конференцияга Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, ЕКПАнын Миграция, качкындар жана калкты жайгаштыруу боюнча комиссиясынын төрагасы Тьери Мариани, депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын, КМШ катышуучу-мамлекеттеринин парламенттеринин, эл аралык уюмдар менен жарандык коомдун өкүлдөрү катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: