super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: "Балдар – биздин үмүтүбүз, мамлекеттин, улуттун келечеги"

 
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы 1-июнда билдирди. 

"Урматтуу мекендештер! Кымбаттуу балдар жана ардактуу ата-энелер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктайм!

Балдар – биздин үмүтүбүз, мамлекеттин, улуттун келечеги. Балдар – жашообуздун уландысы. Аларды камкордукка алуу - мамлекеттин жана коомдун милдети. Балдарга татыктуу таалим-тарбия берип, эрезеге жеткирүүдө ата-энелердин, тарбиячылардын, мугалимдердин, жалпы коомчулуктун мааниси чоң. Андыктан балдарга кам көрүү, бактылуу балалык ыроолоо аркылуу адамзатынын эртеңин түптөйбүз.

“Үй-бүлө балдардан башталат” деген кеп бар. Үйүбүздүн очогу жанып, жашообузга шаң берген балдарыбыздын ууртунан күлкү кетпесин. Ар дайым өлкөбүздүн асманы ачык болуп, элибиздин ынтымагы бекемделип, алдыны көздөй жыла берели!
1-июнь – балдардын, жаркын келечектин майрамы кут болсун!"






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: