super.kg logo

Бишкекте майрам алкагында 1100 бала 1 миллиондон ашык сомго белек алды

 

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында бүгүн, 1-июнда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Түшкө жакын филармониянын астына чогулган балдар үчүн шаардагы мектептер тарабынан даярдалган бий флешмобу тартууланды. Ал эми майрамдын экинчи бөлүгү концерттик залда улантылды. 

Салтанаттуу концертте райондун чыгармачыл балдары, “Таберик” музыкалык балдар театрынын жана “Кыргызстан балдары” шаардык борборунун тарбиялануучулары келген конокторго шаңдуу маанай тартуулашты. Майрамдык иш-чара мэриянын демилгеси жана каржылоосу менен өткөрүлүп, ага көп балалуу, социалдык коргоого алынган, жалаң "5" деген баага окуган окуучулар жана олимпиадалардын, ар кандай сынактардын жеңүүчүлөрү чакырылган. Салтанаттуу кеченин жыйынтыгында концертке келген 1100 бала ар кандай белектерге ээ болду. Белектер жалпы 1 миллион 223 миң сомго алынган.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: