Орусияда жол кырсыгынан кыргыз мамлекетинин үч жараны каза болуп, бешөө жаракат алды
Кырсык Киев шоссесинин 24-чакырымында катталган.

Орусиянын Москва шаарынын четиндеги Киев шоссесинде 31-майдан 1-июнга караган түнү ВАЗ-2114 минивэн унаасы менен оор салмактагы жүк көтөрүүчү жол кызматынын унаасы сүзүшүп, андан кыргыз мамлекетинин үч жараны каза болду.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Орусиядагы массалык маалымат каражаттарынын 1-июнда жазып чыккан маалыматына таянсак, кырсыктан кыргыз мамлекетинин дагы беш жараны жаракат алган. Каза болгондордун арасында 14 жаштагы кыз бар болгону айтылды. Каза болгон жана жаракат алгандардын баары унаадан чыгарылып, жаракат алгандар ооруканага жиберилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Абайлап жүрөлөчү туугандар!
Көзү өткөндөрдун бейиши болсун!
Жаракат алгандар айыгып кетсин